7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте Төлөмүш Океевдин айкелинин ачылыш аземи болду

382

Кыргыз киноискусствосунун классиги, улуу сүрөткер Төлөмүш Океевдин айкели ачылды.

Айкелди ачууга маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, Түрксой уюмунун баш катчысы Султан Раев, Төлөмүш Океевдин кесиптештери жана үй-бүлө мүчөлөрү, жакын туугандары катышты.

Т.Океевдин айкелин орнотууда демөөрчүлүк көрсөткөн Алмазбек Акматов атындагы коомдук фонду. Фонддун төрайымы Сайрагүл Кырчообаева айкелди жасоодо чоң эмгек сиңирген скульптор Садабек Ажиевге жана алыс-жакындан келген конокторго ыраазычылыгын билдирди.

Айкел Чүй менен Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишине, Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук драма жана сатира театрынын күн чыгыш тарабына орнотулду.

383