7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Өзүбүздө суу жок болсо силерге эмнени берели?». Чортомбаев казак элине кайрылуу жасады

638

Кыргызстандын айыл чарба министрлигинин Кыргыз ирригация илим изилдөө институтунун директору Улан Чортомбаев социалдык тармактарда казак элине кайрылуу жасады.

“Урматтуу бир боор казак туустар! Силер бажы постторунан биздин жүк ташуучу машиналарды өткөрбөй, чек ара постторуңарда узун кезек күттүрүп койдуңар. Себебин биз силерге суу бербей токтотуп койду деп түшүндүрүп жатасыңар. Жаздан бери Киров жана Орто-Токой суу сактагычтарынан тынымсыз суу бердик. Өзүбүздө суу жок калса дагы эки өлкөнүн ортосундагы келишимдерди, протоколдорду жана милдеттенмелерди толугу менен аткардык. Өзүңүздөр көрүп тургандай, мына бул Киров суу сактагычындагы спутниктен алынган биринчи сүрөт жаз мезгилиндеги суу толуп турган кези. Экинчи сүрөт бүгүнкү ахыбалы. Суу жок. Суу жок болсо силерге эмнени берели? Суу бар туруп, силерге бербей жаткандай көрбөгүлө. Азыр 21-кылым. Спутник аркылуу баарын көрүп алсаңар болот. Ушул суунун түбүндө балыктар калды. Бул сууну агызып жиберсек балыктар өлүп жок болот. Балыктардын да жашоого акысы бар го акыры. Келгиле бири бирибизге бөгөт койбостон бир туугандык мамиле менен ишибизди уланта берели. Чек араңарды жаппай, тескерисинче машиналарды тез-тез өткөрүп тургула. Эртең эле кайрадан сууга муктаж убакыт келип калат. «Ынтымак бар жерде ырыс бар». Ырысыбызга түкүрүп албайлы”,-деп берилет маалыматта.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

639