Дайынсыз жоголгон адам киши колдуу болгону аныкталып, шектүү жаранды кармалды. Бул тууралуу 7-каналга Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын сентябрында Ысык-Ата РИИБине Ж.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Кайрылуусунда ушул жылдын 8-сентябрь күнү жолдошу 1987-жылы туулган И.Р. үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын билдирген.
Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаралардын натыйжасында И.Р. аттуу жаран Ысык-Ата районунун аймагындагы Чоң-Далы айылындагы ата-энесине барганы белгилүү болгон. Андан аркы жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш чараларынын жүрүшүндө дайынсыз жоголгон И.Р. ата-энесинин үйүнүн короосуна көмүлгөнү аныкталып, табылган.
Кылмышка шектүү катары өлтүрүлгөн жарандын атасы 1963-жылы туулган И.А. кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө иштеринин жүрүшүндө, кылмыш үй-бүлөлүк чырдан улам жана ата-баланын өз ара урушунан келип чыкканы аныкталган.
Учурда тергөө иштери уланууда.