Курулуш компанияларды ири өлчөмдөгү материалдык чыгымга учураткан жаран Казакстандан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүү курулуш компаниялардын өкүлдөрүнүн ишеничине кирип, алар менен лифт жабдууларын камсыз кылып берүү боюнча келишимдерди түзүп, акча каражатын алып, бирок өз милдеттемелерин аткарбастан качып жүргөн.
Өзгөчө ири өлчөмдө жасаган алдамчылык фактысы боюнча издөөдө жүргөн 1974-жылы туулган А.Ж. аттуу жаран Казакстандан кармалды. Ал өзүнүн кылмыштуу иш-аракеттери менен курулуш компанияларына жалпы 200 миң АКШ долларын түзгөн материалдык зыян келтирген.
Учурда шектүү Кыргызстанга экстрадицияланып, Юстиция министрлигине караштуу ЖАКтын тергөө абагына камакка алынды.