7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Заинидин: Салимов маңдай тери менен миллиардерге айланган деген «апыртмаңарды» токтоткула

2112

Турсунтай Салимов “Таман акы маңдай тери” менен оокат кылып миллиардерге айланган» деген «апыртмаңарды» токтоткула! Бул тууралуу пикирин Кубаныч Заинидин өзүнүн баракчасына билдирди.

«Акыйкатында Салимовдун баш айланткан байлыгы жемкордук схемалардын, кримдүйнөгө жем таштоо менен контрабандалык бизнестин эле “жемиши” болуп саналат. Актоонун, жактоонун, жумурткадан кыр издеп, ар нерсеге кыпчылып, «бирдемеден» бутак чыгара берүүнүн дагы чеги болот го акыры. Эгер ар кимибиз «жегичтерди», аларды баккандарды, «караларга» жармашып алып байыгандарды жана байып алып мамлекеттик деңгээлде саясатка аралашкандарды актап жактай берсек анда качан мыйзамдуу өлкө кура алабыз?

Эсиңиздердеби, 2014-жылы Ички иштер министрлиги криминалдык топтор менен катышы бары айтылган 20га жакын адамдын ысымын атаган. Арасында Жогорку Кеңеш, шаардык кеңеш, айылдык кеңештердин депутаттары, район акимдери да болгон. Бул система ушуга чейин ошол «билдирүүдөн» кийин эле жоюлуп кеткен жок да. Мына эми аракеттер башталды. Ооба, буга чейин Кыргызстанды башкарып келген өлкө жетекчилеринин баары эле криминалга каршы аёосуз күрөш болорун убада берген. Атайын мыйзам кабыл алынып, өкмөт концепция даярдаган. Ошол эле учурда кримтөбөлдөр, кылмыштуу топтордун белдүү мүчөлөрү соттон акталып чыккан, түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошогон, саясатка барган учурлар катталган. Бирок, бүгүнкүдөй олуттуу, кескин чара колдонулган эмес. Андыктан ар кимибиз жеке көз караштарыбызга карай тирешпестен Кыргызстан деген өлкөбүздүн келечеги үчүн мыйзамсыз аракеттер, байлык топтоолор, зордук кылуучулар, көмүскө кожоюндар үчүн ачык биригүүгө барып, коомдук пикир жаратуу менен аң-сезимди өзгөртөлү. Ошондо биз кыялданган өлкөнү кура алабыз. Ошол эле Голландия, Сингапур, Скандинав өлкөлөрү боло алабыз. Керек болсо ашып да кетсек болот. Ага Кыргыз коомчулугунун ички кудурети, биримдиги, духу жетет!»,- деди ал.

Эскерте кетсек, УКМК «Мадина» базарынын негиздөөчүсү Турсунтай Салимовдун кармалышы боюнча маалымат берди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2113