Замир Аманбаев: “Ынтымактуу бололу деген демилгени Атамбаев бузуп жатат, ал өзү деле периште эмес, Ниязбековдун өлүмүнө колу кан болгон”
— Кечээ, президент Садыр Жапаровдун кайрылуусун окуп көпчүлүккө кошулуп, мен дагы кубандым. Бул кыргыз элинин кыялындагы каалоосу болчу.
Азыр дүйнө ылдамдык менен өнүгүп, өзгөрүп жатат. Биз дагы деле болсо ар кайсы саясатчынын куралына айланып, алардын саясий көз караштарына жараша бөлүнүп жүрөбүз. Түндүк-түштүк болгону аз келгенсип, ар бир саясатчынын тарапташтары ыркырашып ынтымагыбыз жок. Ансыз деле 2 жолу сырттан кол салууну башыбыздан өткөрдүк. Ошого карабай айыл-айыл, аймак болуп бөлүнөбүз, арыбыз деле жок экен.
Мурдагы президенттерди бир жерге отургузуп, өткөн кеткенди кечиришкенге шарт түзгөнү – чоӊ өзгөрүү, Президент Садыр Жапаровдун даанакер экендигинен кабар берет. Бир күн өтпөй Атамбаев кайрылуу жасап, өзүнө окшогон саналуу электоратынын каалоосуна жараша сөз айтыптыр. “Мен баргым келген жок эле, Бакиевди алып келет окшойт, анын колу канга баткан”-деп ырк бузган кептерди айтыптыр.
Садыр Жапаровдун кайрылуусунда Бакиевди алып келем деген жерин окуган жокмун. Болгону элди бөлүп жарбай, жарашып, кечиришип алгыла деп чогултуптур.
Ал эми “колу кан” дегенге келсек, Атамбаев өзүн периште көрсөтпөй эле койсунчу! 2010-жылдагы апрель окуясына — Бакиевдин эле эмес, ошол окуяга себепчи болгон Атамбаев жана анын жанындагылардын дагы моралдык тийешеси бар. Анан калса, бүгүнкү күнгө чейин ошол апрель окуясындагылар кимдин куралынан каза болгону аныкталган жок, табышмак бойдон турат. А түгүл атайын бийликти басыш үчүн, башка тараптан аткан деген версиялар дагы жашап жүрөт. 2010-жылдагы Ош, Жалал-Абаддагы коогалаӊдан 500гө жакын адамдын канынын төгүлүшүнө дагы Атамбаев баш болгон Убактылуу өкмөттүн түздөн-түз жоопкерчилиги бар экенин эске салгым келет.
Мисалы, кечее жакынкы окуя Кемпир-Абадды коргойбуз деген шылтоо менен бийликти басып алабыз дегендерди Атамбаевдин бийлиги болгондо атып өлтүрмөк. Болгону аларга түрмөдөн качышкан “террорист” деген макамды анан шылтоону мойнуна илишмек. Андай спектаклине да убагында күбө болгонбуз.
Кой-Таштагы офицер Ниязбековдун өлүмү, экспертиза тастыктагандай Атамбаевдин куралынан атылган октон каза болгон. Тынч учурда чыр салып, спецназдын кызматкерлерин сабап, Самат Курманкуловду майып кылган, адамдын өмүрүн алган окуяда Атамбаевдин колу деле чыканагына чейин канга баткан болуп калабы?
Анан ынтымакты ыдыратып, жакшы максаттарды бузгусу келген Атамбаев — “Бакиевдин колу кан” -деп көп нерсени айтып, өзүн периште элесетип алыптыр.
Акаевди алсак, ал деле периште эмес. Аксы окуясы тарыхта Акаев төккөн кан катары жазылып турат. Аны дагы тарых унуткан жок. Бирок улам эле өткөнгө кайрылып, “ал мындай, мен таза” дей берсеӊер, силердин кесепетиӊерден кайра эле артыӊардан эрчигендер бөлүнүп, коомдун ынтымагы кетет экен.
Президент миссиясын аткарды, журт башчысы катары улуу мунапысты кылды. Атамбаевдин кылмышы толтура, аны түрмөдө чиритип салса деле болмок. Бирок айкөлдүк кылып, кыргыз эли мындан ары ынтымактуу жашайлы десе, Атамбаев жана анын командасы кайра эле бузукулук кылууда. Уятыӊар жок экен. Ырас көпчүлүк эл ушул ынтымак аракетин колдоп жаткандан кийин, элден чыкпашыӊар керек болчу. Эми элден өзүӊөр чыкканы турасыңар бир ууч сасыткылар! Көрсө, силердин максатыӊар дагы деле бийликти алуу, жеке кызыкчылыгыӊарды жогоруу коюу сезиминен өйдөлөй элек турбайсыӊарбы! Атамбаевевиӊер баш болуп мамлекетчилдик сезимиӊер жок экенин дагы бир жолу тастыктадыӊар. Эми эл дагы баасын берип, өзүӊөр коомдон “изгой” боло турган болдуӊар!
Урматтуу мекендештер, айрыкча жаштар! Силерге кайрылгым келет, Кыргыз деген мамлекеттин кызыкчыгы алдында – Атамбаев сыяктуу бүлүндүргүчтөрдүн кызыкчылыгы эч нерсеге турбайт.
Биз, 32 жылдык тарыхыбызда бөлүнүп, кубалашып, ырылдашып, урушуп көрдүк. Эмнеге жеттик, эмне таптык?! Болгону убакытты текке кетирип, көп нерсе жоготтук. Ошол эле 86 адамдын канын тебелеп келген Атамбаев мамлекетти жыргаттыбы, ошол каза болгон 86 адамдын үмүтүн актадыбы? Аны жакшы билесиӊер!
Айтаарым, ынтымактуу эл бололу! Бөлүнүп жүрүп бөрүгө жем болобуз! Биз туура улуттук идеология түптөшүбүз керек!!!