7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Замирбек Темирбеков электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды

128

“Бишкек электр тармактары” ишканасынын өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн башчысы Замирбек Темирбеков жарандарды жок дегенде жарым-жартылай электр кыймылдаткычын орнотуп, жарыкты үнөмдөөгө чакырды. Бул тууралуу ал “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, “Бишкек электр тармактары” ишканасы тарабынан административдик имараттарга 110 электр кыймылдаткычы орнотулуп, мониторинг жүргүзүлгөн.

“Бир лампочканын кубаттуулугу 48 ватт, ал иш убактысында сегиз саат бою күйүп турат, эгерде электр кыймылдаткычы орнотулса 4 саат гана иштеген болот. Тактап айтканда кыймылдаткыч электр энергиясын 2 эсе аз сарптап калат. Мындай ыкма менен биздин ишкана бир жылда 5,500 киловатт-саат электр энергиясын үнөмдөдү», — дейт Замирбек Темирбеков.

“Бишкек электр тармактары” ишканасынын электр энергиясын сатуу бөлүмүнүн башчысы Айгүл Буланова кошумчалагандай, Министрлер кабинетинин буйругу менен бардык мамлекеттик органдар да электр кыймылдаткычын орнотуу керек, себеби караңгы коридорлордун лампочкалары күнү-түнү жанып турат.

Буга чейин президент Садыр Жапаров Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли салыштырмалуу 2 миллиард метр кубга аз экенин билдирген. Энергетика системасынын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн мамлекет электр энергиясын сырттан сатып алууга аргасыз. Ал жарандарды энергияны үнөмдөөгө үндөп, “ар бир лампочкага Токтогул суу сактагычынын жүздөгөн литр суусу сарпталып, бюджетке да кошумча чыгым алып келип жатканын баса белгилеген.

129