7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбек ЖМКлары: Садыр Жапаровдун саясий эрки менен чек ара көйгөйү чечилди

11

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тууралуу тартылган «Президент» аттуу даректүү фильм Өзбекстанда чоң кызыгуу жаратты. Бул тууралуу өлкөнүн бир катар интернет басылмалары — Gazeta.uz, UzDaily.uz, Kun.uz, Zamin.uz жана башка медиа платформалар жазып чыгышты.

Өзбек ЖМКларынын маалыматына караганда, фильмде Борбор Азиядагы акыркы жылдардагы маанилүү дипломатиялык процесстер, анын ичинде Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы көп жылдык чек ара маселесин жөнгө салуу аракеттери кеңири чагылдырылган. Анда Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин бул процесстеги ролу өзгөчө белгиленет.

UzDaily.uz басылмасы жазгандай, Садыр Жапаров Өзбекстан лидери коңшу өлкөлөрдүн президенттерин түз жана жеке жолугушууларга активдүү чакырып, жаңжалдын тереңдеп кетишине жол бербөөгө зор салым кошкон. Ал эми Gazeta.uz басылмасы Мирзиёев маселелерди кечиктирбей чечүү зарылдыгын баса белгилеп, диалог үзүлүп калса, анын кесепети олуттуу болорун эскерткенин жазат.

Айрым маалыматтарда сүйлөшүүлөрдүн алгачкы этаптарында кыргыз тарап сунуштаган демилгелер колдоо таппай, кийинчерээк гана тажик тарап диалогго макул болгону айтылат. Бул этапта Өзбекстан президентинин кеңештери жана ортомчулук аракети макулдашууга жетишүүдө маанилүү роль ойногону белгиленет.

Өзбек журналисттери белгилегендей, чек арадагы чечилбеген маселелер аймактык коопсуздукка түздөн-түз терс таасир тийгизип, чет элдик инвесторлор менен туристтердин ишенимине доо кетирет. Бул пикирди алар Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев буга чейин билдирген көз караштар менен байланыштырып, чек ара маселесиндеги туруктуулук экономикалык өнүгүүнүн маанилүү шарты экенин белгилешет.

Ошондой эле Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин жогорку деңгээлдеги саясий кийлигишүү гана диалогду улантууга шарт түзгөнү белгиленет.

ЖМКлардын маалыматына ылайык, натыйжада узундугу 1 378 чакырымды түзгөн кыргыз-өзбек чек арасы толук жөнгө салынган. Макулдашуулар 2023-жылдын январында Бишкекте эки өлкөнүн президенттери тарабынан ратификацияланган документтер менен бекемделген.

Өзбек ЖМКлары өз материалдарында фильмдин негизги идеясы катары чек ара маселелерин курал колдонбой, сабырдуулук, диалог жана саясий эрк аркылуу чечүүнүн маанисин белгилешет. Мындай ыкма келечекке болгон ишенимди арттырып, аймакта тынчтыкты, туруктуулукту жана ачык кызматташтыкты камсыздоого шарт түзөрү баса көрсөтүлөт.

12