7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбекстанда 17 миңден ашуун аткаминерди кызматтан бошотуу боюнча жарлык чыкты

595

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 17 миң аткаминерди кызматтан бошотуу боюнча жарлык чыгарды. Бул тууралуу Спутник Өзбекстан жазып чыкты.

Мирзиёевдин жарлыгына ылайык, министрликтер менен ведомстволордун кызматкерлеринин жалпы саны 56 миң 573 жаран болушу керек.

Ага ылайык, аткаруу бийлигинин көз карандысыз органдарынын саны 61ден 28ге, министрликтердин саны 25тен 21ге кыскарат.

«Ал эми, министрликтер менен ведомстволор 17 миң 447 жетекчи жана өндүрүштүк персоналды кыскарта турганы белгилүү болду. Бул жалпы сандын 24 пайызын түзөт. Анын ичинде министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин орун басарларынын саны 207ден 144кө (30 пайызга) кыскарат. Буга байланыштуу 703 унаа жана 10 имарат бошотулат. Жогоруда аталган иш-чаралардын натыйжасында республика штаттык бирдиктерди кыскартуудан 1,5 триллион сум жана транспорттун санын кыскартуудан 70 миллиард сум үнөмдөөрү маалымдалган»,- деп берилет маалыматта. https://uz.sputniknews.ru/20230125/v-uzbekistane-sokratyat-bolee-17-tysyach-chinovnikov—ukaz-prezidenta-31694239.html?_ga=2.133632206.1332804638.1674620320-1520296485.1668420925

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

596