Социалдык тармактарда Өзбекстандын Кашкадарыя облусунда аял күйөөсүнүн ойношун жылаңачтап чечинтип сабап салган видео тарады. Бул тууралуу Podrobno.uz жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя Карши шаарында 16-апрелде болгон. 33 жаштагы аял жакындары менен күйөөсүнүн ойношу жашаган батирге барган. Андан соң, уруш чыгып, ал аялды сабап андан соң чечинтип туруп видеого тартып соцтармактарга чыгарып салган. Аялдын күйөөсү дагы батирде болгон, бирок урушка аралашкан эмес.
Кошуналарынын айтымында, ал киши аялын таштап, ойношуна кетип калган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 1-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгон.