Өзбекстанда автобус айдоочулары транспортторго беткапсыз адамдарды киргизбөө боюнча чараларды көрүшү керек. Бул чечимди Республикалык атайын комиссия 23-июнда кабыл алды.
Маалыматка ылайык, жарандардын арасында жоопкерчиликти күчөтүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана коомдук транспортторду акыркы аялдамаларында дезинфекциядан өткөрүү каралган. Жооптуу адамдарга автобекеттер менен аэропорттордо санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышын катуу көзөмөлдөө иши жүктөлдү.
«Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Республикалык атайын комиссиянын чечими менен эми санаторийлерге, пансионаттарга, балдар лагерлерине, ошондой эле башка эс алуу жана саламаттыкты чыңдоо жайларына кабыл алууда акыркы 72 саттын ичинде тапшырылган ПЧР тесттин жыйынтыгы да талап кылынат»,-деп берилет маалыматта.
Эскерте кетсек, Өзбекстанда коронавирус жуктурган учурлар көбөйгөндүктөн, атайын комиссия вакцина ала турган жарандардын категориясын кеңейткен. 50 жаштан ашкандар жана университеттердин окутуучулары коронавируска каршы бекер вакцина ала алышат.