7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Керемет сезимдер… Өзбекстандык артисттер Бишкекте гала-концерт койду

461

14-мартта Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында Алишер Навои атындагы Өзбекстандын мамлекеттик академиялык чоң театры шаар тургундарына жана конокторуна гала-концерт тартуулашты.

Маданий иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Өзбекстан Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Хуршид Мирзахидов жана кеңири коомчулук катышты.

Эдиль Байсалов Өзбекстандан келген театр жамаатына бүгүнкү кечте тартуулаган керемет сезимдер жана жагымдуу маанай үчүн ыраазычылыгын билдирип, акыркы учурларда Кыргыз-өзбек достугу саясий-экономикалык жактан бекемделип жатканына токтолуп, эми маданият жана искусство жаатында да эриш-аркак иш алып барып, маданий-чыгармачылык жүрүштөр байма-бай өткөрүлүп турушун каалады.

Гала-концертте аталган театрдын солисттери симфониялык оркестрдин жана хор жамаатынын коштоосунда дүйнө жана өзбек композиторлорунун классикалык чыгармаларынан арияларды, увертюраларды сунушташты. Концертти “Тумар” бий ансамбли коштоду.. Дирижеру- Руслан Бекмаев.

Белгилесек, гастролдун алкагында, Өзбекстандын чоң театры кечээ, 14-мартта Сулейман Юдаковдун “Майсаранын жоруктары” аталышындагы операсын кыргыз театр сүйүүчүлөрү үчүн коюшкан.

462