7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен кыргыз жаранынын жылкылары кайтарылып берилди

715

УКМКнын Чек ара кызматы 2021-жылдын 17-ноябрында жайытта оттоп жүрүп Өзбекстандын аймагына кирип кеткен Кыргызстандын жаранынын 10 баш жылкысын кайтарып беришкендигин билдирет.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 17-ноябрында чек арачыларга Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Арал айылынын Ш.К., атуу жараны кайрылып Өзбекстандын аймагына кирип кеткен жылкыларын кайтарып берүүнү суранган.

Анын айтымында 14-ноябрь күнү бир нече убакытка жылкыларын кароосуз калтыргандыгын айткан.

Кыргыз тарап өз учурунда Өзбекстандын чек ара өкүлчүлүгү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өзбек тарап кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасына жакын жерде жылкылардын ээси жок оттоп жүргөнүн жана алардын аймагына өтүп кеткендигин билдиришкен.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арачыларынын биргелешкен иш-аракеттеринин негизинде 10 баш жылкы Кыргызстандын жаранына кайтарылып берилди.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

716