7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбекстандын издөөдө жүргөн жараны Кыргызстанда кармалды

619

Ош ШИИБнын кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан мурда издөөдө жүргөн коӊшу мамлекеттин жараны кармалды.

Өзбекстан Республикасынын кылмыш кодексинин 168-беренесинин 3-бөлүмү (алдамчылык) менен айыпталып, 2021-жылдын 3-сентябрынан тартып, издөөдө жүргөн Өзбекстан Республикасынын 1991-жылы туулган жараны, М-в. А. жүргөн жери белгисиз болуп жүргөн. Аны кармоо боюнча Өзбекстандын Фергана облусунун ыкчам кызматкерлери Ош ШИИБнын КИБнун кызматкерлеринен көмөк көрсөтүүнү суранышкан.

Өзбекстан Республикасында кылмыш жасап, Кыргыз Республикасынын аймагында жашырынып жүргөндүгү тууралуу маалымат алынган соӊ, Ош ШИИБнын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан зарыл болгон бардык ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлдү.

Натыйжада, шектүү 2022-жылдын 20-июнь күнү Ош шаарынын Амир-Темур кичи шаарчасында кармалып, Кыргыз Республикасынын жазык процессуалдык кодексинин 527-беренесинин талаптарына ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Аны өз мекенине кайтаруу боюнча көзөмөл органдары тарабынан тиешелүү иш чаралар аткарылып жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

620