7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбекстандын канайымы Зироатхон Хошимова тууралуу фактылар

1279

Кыргызстанга Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен келди. Ажону коштоп келген канайым Зироатхон Хошимовага суктангандар көп болууда.

Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жубайы Зироатхон Хошимова тууралуу кызыктуу фактыларды жарыялады.

Туулган жери, ата-энеси: Зироатхон Хошимова Фергана өрөөнүнүн Кокон шаарында төрөлүп-өскөн. Атасы Махмуджон Хошимов шаардын кадыр-барктуу адамдарынын бири болгон. Убагында ал Орто Азиянын Кокондогу темир жол камсыздоо бөлүмүн жана «Дорресторан» вагон-ресторандарын башкарган. Айрым маалыматтар боюнча, атасы Фергана өрөөнүндөгү эң бай кишилердин бири эле. Апасы тууралуу так маалымат жок. Биринчи айымдын ата-энеси такыба жана талапты катуу койгон адамдар болгон деп айтылат. Үйүндөгүлөр Зироатхонду Ойхон деп аташчу.

Кесиби. Хошимова кесиби боюнча инженер-экономист. Ал Ташкенттеги Ирригация жана мелиорация институтунда окуган. Бирок учурда кесиби боюнча эч жерде иштебейт, үй кожойкеси.

Институттан табышкан түгөйлөр. Зироатхон Хошимова менен Шавкат Мирзиёев Ташкенттеги Айылчарба институтунан табышкан. Институтта Мирзиёев комсомолдор комитетинин катчысы, ал эми Хошимова жакшы окуган студенттердин бири экен. Окуу жайдагылар аларга суктанып, жарашыктуу жана интеллектуалдуу түгөйлөр деп атап коюшчу. Бирок экөөнүн баш кошуусуна кыз тарап каршы болгон. Айрыкча Зироатхондун чоң атасы менен чоң апасы макул болбой, жаштар Мирзиёевдин өжөрлүгүнүн аркасы менен сүйүүсүнө жеткен.

Балдары. Өзбекстандын биринчи айымы Шахноза жана Саида аттуу эки кызды жана Даврон аттуу уулду жарыкка алып келген. Кыздары турмушка чыккан. Айрым маалымат булактары күйөө балдарынын бири Мирзиёевдин жан сакчысы экенин жазып жүрүшөт. Учурда Саида мамлекеттик кызматты аркалап, коомдук турмушка активдүү аралашып жүрөт.

Эл менен баарлашууну жактырат. Журналисттер Хошимова киши менен бат тил табышкан адам экенин айтып, коомдук ишмерлер жана билими, маданияты жогору адамдар менен баарлашып пикир алышууну жактырарын жазышкан. Ошондой эле илим, билимге, адабият жана искусствого кызыга турганы айтылат.

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1280