2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Өзбекстандын мамлекеттик карызы 46,85 миллиард АКШ долларын түздү. Бул көрсөткүч ички дүң продукциянын (ИДП) 31,9 пайызына барабар экенин, өлкөнүн Экономика жана финансы министрлиги маалымдады.
Расмий маалыматка ылайык, мамлекеттик карыздын негизги бөлүгүн тышкы милдеттенмелер түзөт. 2025-жылдын аягына карата тышкы карыз 39,82 миллиард долларга жетип, жалпы карыздын 85 пайызын түзгөн. Тышкы карыздын ИДПга карата үлүшү 27,1 пайызга чейин көбөйгөн.
Тышкы карыздын 83 пайызы чет өлкөлүк валютада алынган. Улуттук валютадагы милдеттенмелердин үлүшү болжол менен 2 пайыз деңгээлинде сакталууда. Ошондой эле тышкы карыздын 84 пайыздан ашыгы узак мөөнөттүү болуп эсептелет. Кыска мөөнөттүү тышкы карыз катталган эмес.
Ички мамлекеттик карыз 2025-жылдын жыйынтыгында 7,03 миллиард долларды түзүп, бул жалпы карыздын 15 пайызына же ИДПнын 4,8 пайызына барабар болду. Жыл ичинде анын көлөмү 6,9–7,2 миллиард доллар аралыгында өзгөрүп турган.
Өзбекстандын мыйзамдарына ылайык, мамлекеттик карыздын ички дүң продукцияга карата эң жогорку чеги 60 пайыздан ашпоого тийиш.



