7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга иш сапары менен келди

154

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн Кыргызстанга  мамлекеттик сапары менен келди.

Жогорку даражалуу мейманды Ысык-Көл облусундагы “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунда Президент Садыр Жапаров тосуп алды.

Аэропорттун аянтында Ардак кароол ротасынын аскер кызматкерлери тизилип турушту. Андан ары президенттер өтүүчү жолдун боюнда кыргыз элинин байыркы аңчылык өнөрүн чагылдырган “Салбуурун” этнографиялык композициясынын катышуучулары – бүркүтчүлөр алгыр куштары жана тайгандары менен турушту.

“Шаттык” элдик үлгүлүү бий ансамблинин бийчилери тигилген боз үйлөрдүн фонунда көчмөн элдин салттуу жашоо образын чагылдырган кыргыздын улуттук бийлерин аткарышты.

Аземде зоот кийимчен атчандардын жана кыргыз элинин кайраттуулугун, эр жүрөктүгүн, тарыхый мурасын даңазалаган алп баатырлардын катышуусундагы композиция өзгөчө орун ээледи.

Ч. Исабаев атындагы “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамбли кыргыз жана өзбек күүлөрүн аткарып, боордош эки элдин достугун, өз ара сый-урматын жана ынак коңшулук мамилесин даңазалады.

Аземдин соңунда улуттук стилде жасалгаланган эки жарым боз үйдүн фонунда театралдаштырылган этнографиялык көрсөтмө коюлду. Анда кыргыз элинин меймандостугу, үй-бүлөлүк баалуулуктары жана конок тосуу салттары чагылдырылган.

Белгилей кетсек, мамлекеттик сапардын алкагында Президент Шавкат Мирзиёев Президент Садыр Жапаров менен бетме-бет жана кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Ошондой эле ал Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын бейформал Консультативдик жолугушуусуна катышат.

155