7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келди (ФОТО)

542

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн, 26-январда Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келди.

“Манас” эл аралык аэропортунда Өзбекстандын лидерин Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров тосуп алды.

Флагштокторго эки өлкөнүн желектери илинип, килем төшөлүп, аны бойлото ардактуу кароол тизилди.

Мамлекет башчылары жана алардын жубайлары кыргыз артисттеринин коштоосундагы концерттик программаны көрүштү.

Өлкө лидерлери мамлекеттик сапардын алкагында эртең, 27-январда, тар жана кеңири курамда эки тарапты кызыктырган маселелердин кенен топтомун жана эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүүнүн келечегин талкуулашат.

Бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

543