7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өздүгү такталууда. Таанышын өлтүрүп, сөөгүн көчөгө ыргытып жиберген

331

11-январда Бишкектин Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жанынан белгисиз адамдын жансыз денеси табылган. Бул тууралуу маалымат Бишкек ШИИБнин «102» кызматына кабарланган.


Маалыматка ылайык, окуя болгон жайга Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобу барып болжол менен 60 жаш курактагы жарандын зордук-зомбулук менен өлтүрүлгөн белгилери бар жансыз денени катташкан. Ошондой эле органдардын ыкчам-иликтөө иш аракеттеринин негизинде видеобайкоого түшүп калган далилдерге ылайык өлүктү башка жактан алып келип, таштап кетишкени белгилүү болгон.


Кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынан 1974-жылы туулган М. аттуу жаранды колго түшүрүшкөн. Дароо тергөө кызматына жеткирилип, ал жерден Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


«Шектүүнүн айтымында, бир күн мурун таанышы менен жолугуп анын жанындагы Дамир менен таанышкан. Алар бирге спирт ичимдигин ичишкен. Алар чогуу бир нече күн бою арак ичишип, ортодо түшүнбөстүктөн улам жаңжал чыгып кеткен. Шектүү Дамир аттуу жарандын денесине оор залал келтирип, алган жаракатынан улам жумган. Жоопко тартылуу коркунучунан тынчсызданган шектүү маркумду түн күтүп баштыкка салып, Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан үйүнөн алып чыккан. Учурда табылган сөөктүн өздүгүн тактоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жана ыкчам-издөө аракеттери улантылууда», — деп берилет маалыматта.


Бул факт Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынын Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, тергөө кызматы тарабынан керектүү экспертизалар дайындалды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

332