7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өздөрүн УКМКнын, ИИМдин, Улуттук банктын кызматкери катары тааныштырган алдамчылар кармалды

297

Бишкек шаарында өздөрүн УКМК, ИИМ жана Улуттук банктын кызматкерлери катары тааныштырып, жаранды ири суммадагы акчага алдап кеткен шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын декабрь айында Свердлов РИИБине Ч. Г. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда белгисиз адамдар анын ишенимине кирип, жабырлануучуну банкомат аркылуу банк картасына ири суммадагы акча которууга көндүрүшкөнүн билдирген. Келтирилген материалдык зыяндын жалпы суммасы 22 млн 130 миң сомду түзгөн.

Бул факт боюнча «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 2002-жылы туулган Т. Ж. жана 2006-жылы туулган К. Э. аттуу жарандар кармалды. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары уланууда.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана далилдерди чогултуу боюнча иш жүрүүдө.

298