7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзгөчө кырдаал жана башаламандык учурунда мобилдик байланыш убактылуу өчүрүлүшү мүмкүн

185

Президент Садыр Жапаров Санарип кодексинин кабыл алынышына байланыштуу бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизген мыйзамга кол койду.

Жаңы мыйзамга ылайык, мобилдик байланыш операторлору Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) жүргүзгөн атайын тергөө, ыкчам-иликтөө жана контрчалгындоо иш-чараларын техникалык жактан камсыздоого милдеттүү болот.

Бул үчүн зарыл болгон санариптик тутумдар жана атайын жабдуулар операторлордун өз каражатынын эсебинен орнотулат.

Мыйзамга ылайык, өзгөчө абал режими киргизилгенде, массалык башаламандыктар же куралдуу жаңжалдар учурунда мамлекеттик органдар айрым мобилдик түзүлүштөргө байланыш кызматын убактылуу токтотуп, кийин кайра калыбына келтире алат.

Ошондой эле Кыргызстанга ташылып келген жана өлкөдө колдонулган бардык мобилдик телефондордун эл аралык идентификациялык номерлерин (IMEI) милдеттүү каттоо тартиби киргизилет

186