Кадамжай районунун Айдаркен шаарчасынын Чечме айылында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «Хово» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы жүктөгүчтү жүктөп алып, Бөжөй айылында катталган селдин кесепеттерин жоюу ишине бара жаткан жерден кырсыкка кабылган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, оор жүк жүктөлгөн унаанын токтотуучу системасы иштен чыгып, ири жол кырсыгы жаралган. Мындан улам эки өлкө ортосунда жайгашкан «Чечме» өткөрмөсүндө турган унааларды сүзүп кеткен. Натыйжада бейажал адам өмүрлөрү кыйылды.
Кырсыктын кесепетинен 8 адам, анын ичинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2 куткаруучусу каза болуп, 7 адам ооруканага жеткирилген.
«Мен, Өзгөчө кырдаалдар министри катары кырсыкты жеринде көрүп кайттым. Бул кырсык чоң жоготуу менен коштолду.
«Кырсык каш-кабактын ортосунда», — деп элибиз бекеринен айтпагандыр.
Ушул кырсыкта жоготууга учураган үй-бүлөлөргө жана алардын жакын туугандарына, ошондой эле ӨКМдин каза болгон 2 кызматкеринин үй-бүлөсүнө өзүмүн жана министрликтин жалпы жамаатынын атынан терең кайгыруу менен көңүл айтамын.
Жакындарын жоготкон үй-бүлөлөрдүн аза кайгысын терең кайгыруу менен тең бөлүшөбүз. Маркумдардын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун»,-деди.