7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 28 даана атайын техника тапшырылды

327

Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигине техникаларды тапшыруу аземине Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев катышты.

«Бүгүнкү күндө мамлекеттин колдоосу менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигине заманбап атайын техникаларды өткөрүп берип жатабыз. Мен бир кезде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде иштегем жана ошол кездеги министрликтин техникалык жабдыктарын жакындан билген, көргөн адам катары азыр абал көп эсе жакшы жакка өзгөрдү деп ишенимдүү айта алам», — деди Камчыбек Ташиев.

Ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары акыркы үч жылда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагына 700дөн ашык заманбап унаалар берилип, авариялык-куткаруу кызматынын жабдыктары толугу менен жаңыланганын белгиледи.

«Бүгүн биз Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 28 даана атайын техника өткөрүлүп берилгенине күбө болдук, анын ичинен 10 даанасы Белоруссиядан алынып келинген БЕЛАЗ-7540Б үлгүсүндөгү чоң самосвал, 4 заманбап медициналык жана 4 өрт өчүрүүчү машина жана башка заманбап куткаруу техникасы. Куткаруу шаймандары алууга  республикалык бюджеттен 35 миллион сом бөлүндү», — деп баса белгиледи Камчыбек Ташиев.

Жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерин берилген техникага аяр мамиле жасоого чакырды жана бир катар тапшырмаларды берди, атап айтканда, жасалма интеллекттин жардамы менен өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, Android операциялык тутумунун билдирүүсүнүн мисалында республиканын жарандарына табигый кырсыктар, анын ичинде жер титирөөлөр жакындап келе жаткандыгы жөнүндө эртерээк эскертүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.

 

 

 

328