7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Өзгөн» мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругу түзүлдү

558

«Өзгөн» мамлекеттик тарыхый-маданий  музей-коругу түзүлдү. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, «Өзгөн» мамлекеттик тарыхый-маданий  музей-коругу түзүү чечими тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоо жана өнүктүрүү максатында кабыл алынган.

Белгилесек, буга дейре «Өзгөн» археологиялык-архитектуралык комплекси “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин карамагында болгон жана кандайдыр-бир деңгээлде аны өнүктүрүүгө тоскоолдук келтирген.

Эске салсак, орто кылымдардагы Өзгөн чалдыбары эң алгачкы жана башкаруучунун резиденциясы орун алган чептен (Орто-Коргон же Өзгөн-3) жана Кара-Дарыя суусунун түндүк жээгинде жайгашкан шаарлардын аймагын түзгөн үч шахристан (Өзгөн-1, 2, 4) турат. Шаар VII -VIII кылымдарда пайда болуп, X кылымда Караханиддер мамлекетинин батыш бөлүгүнүн борбору болгон жана кийин XVI -кылымга чейин шаар катары турган.

Үч күмбөз, мунара жана үч шахристандын калдыктары сыяктуу Борбордук Азиянын тарыхынын жана маданиятынын уникалдуу эстеликтери жайгашкан “Өзгөн” мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругунун түзүлүшүнүн максаты — бул объектилерди келечек муундар үчүн сактоо жана туризмди өнүктүрүүгө салым кошуу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

559