7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзгөндө 13 жаштагы кызга 60 жаштагы киши ыдык көрсөткөн

763

Өзгөндө 13 жаштагы кызга 60 жаштагы киши унаанын ичинде ыплас аракеттерин жасаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-март күнү Өзгөн РИИБге Өзгөн шаарынын тургуну 33 жаштагы Н.Р.,аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда анын кызын ушул жылдын февраль айларында 60 жаштагы С.К., автоунаасынын ичинде ыплас аракеттерин жасагандыгын билдирген.

Аталган маалымат Өзгөн РИИБнин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган.
Кылмыш-Жаза Кодексинин 158-берененин (ыплас аракеттер) белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары С.К.,кармалып, ушул жылдын 12-март күнү Өзгөн РИИБдин УКЖна киргизилип, Өзгөн райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан 12-майына чейин айыпталуучуга карата баш коргоо чарасы катары 2 айга камак түрү тандалган.

Учурда, тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

764