7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзгөндө атасы зордуктады деген кызга, кайрадан экспертиза дайындалды

708

Өзгөн районунун  Кош-Коргон айылынын тургуну 45-жаштагы С.М милицияга арыз менен кайрылып, жээнин өз атасы зордуктап койгондугун билдирген. Ош облустук ички ишер башкармалыгы алгачкы текшерүүдө кыздын кыздык белгиси бузулбагандыктан, кайрадан кошумча экспертиза дайындалгандыгын кабарлайт.

Окуя 2021-жылдын 19-апрель түнү саат болжол менен 22:00 чамасында, жээним 17-жаштагы С кызы М.ны өзүнүн үйүндө атасы 45-жаштагы В.С кызынын алсыз абалынан пайдаланып зордуктап койгон»-деп кыздын таежеси арыз жазган.

Аталган арыз Өзгөн РИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрне КР Жазык Кодексинин 161-бер. 3-бөл. 1-п. негизинде сотко чейинки өндүрүш иши болуп катталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жаш өспүрүм М.С кызын Өзгөн райондор аралык социялдык эмгек өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башкы адиси Ж.Тнын жана мыйзамдуу өкүл С.Снын катышуусунда суракка алган учурда төмөнкүлөрдү билдирген; 2021-жылдын 19-апрелинде болжол менен саат 22:00 чамасында эркине каршы, каршылык көрсөткөнүнө карабастан жыныстык катнашта болгондугун көрсөткөн.

Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, чиймелер чийилип, тийиштүү экспертизалар дайындалган.
Шектүү С.Внын көрсөтмөсүндө кызы М.С кызынын айткандары чындыка дал келбейт деп билдирген.
С кызы Мга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Алгачкы соттук-медициналык экизпертизанын алгачкы текшерүүүсү боюнча кыз белгиси бузулбагандыгы белгилүү болгон. Ошондой болсо да бүдѳмүк ойлор пайда болбосун үчүн кошумча кайрадан экспертиза дайындалган.

Учурда биологиялык экспертизанын бүтүмү чыга элек. Биологиялык экспертизанын жыйынтыгы менен кандай аракет болгону такталат. Ар тараптуу иликтѳѳ максатында жабырлануучуга жана арыз ээсине карата да соттук-психологиялык экспертиза дайындалган. Жабырлануучу кыздын апасы Россия Федерациясынын аймагында иштеп жаткан.
Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

709