16-ноябрда социалдык тармактын колдонуучулары Өзгөндө эркек кишинин бычылганын жазып чыгышкан. Бул окуя тууралуу 7-каналга Ош ОИИБден маалымат беришти.
Маалыматка караганда, 14-ноябрь күнү Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө аймактык ооруканага 44 жаштагы жаран денесинен жараат алып кайрылгандыгы боюнча маалымат түшүп, каттоого алынган.
«13-ноябрь күнү саат 22:00 чамасында Өзгөн районунун Куршаб айылынын 44 жаштагы тургуну өзү жашаган үйүнө ошол айылдын тургуну 44 жаштагы жаранды чакырып, үйүнүн короосунда өз ара пикир келишпестиктен уруша кетишкен. Натыйжада жаранга бычак менен денесине жараат келтирип, электр мамычага жип менен байлап койгон. Окуя болгон жерге милициянын аймактык тескөөчүлөрү жетип келип, биринчи медициналык тез жардамын көрсөтүшкөн»,- деп берилет маалыматта.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Кылмышка шектүү катары Өзгөн районунун 44 жаштагы тургуну кармалып, камакка алынды.
Учурда тергөө уланууда.