Өзгөндөгү өлүм. Шектүүлөр колдонгон ок атуучу куралы менен унаасы табылды. Бул тууралуу Ош ООИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 19-март күнү Өзгөн шаарындагы эки жарандын өлүмү боюнча иликтөө иши башталган.
Натыйжада Өзгөн шаарында эки жарандын өлүмүнө шектүү катары изделип жаткан кылмышка шектүүлөрдүн кылмыш учурунда колдонгон автоунаасы жана ок атуучу куралы табылды.
«Өзгөн районунун Дөӊ-Булак айыл аймагына караштуу Жөө-Алма участкасынын эгин талаасына кеткен жолдо көк түстөгү “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү автоунаа табылып “КRAL ARMS” үлгүсүндөгү Түркия мамлекетинин өндүрүшүндөгү аӊчылык куралы, эки даана 12 калибирлүү ок дарынын атылган гильзасы, бир даана дүрмөттөлгөн ок алынган», — деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле, буга чейин денесинен жаракат алып каза болгон 31 жаштагы Өзгөн шаарынын тургуну М. Ш. 2020-жылдын февраль айынан бери уюшулган кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин ыкчам каттоосунда тургандыгы белгилүү болду. Учурда кылмыштын бетин ачуу максатында тергөө иштери жүрүп жатат.