Өзгөндөгү мектептин от казаны жарылып, бир киши жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.
Кырсык кечээ Мырза-Аке айыл аймагындагы Абдылда Калмурзаев атындагы №20 мектепте болгон. Жарылуудан урап түшкөн бөлмөнүн шыбы 39 жаштагы кишини басып калган.
Куткаруучулар жерине жеткиче жергиликтүү тургундар аны чыгарып, Тез жардам кызматы алып кеткен. Учурда жабырлануучунун колу сынган, абалы туруктуу.