7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзгөндө иске ууланган 3 наристе чарчап калды

610

Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылында үч наристе иске ууланып чарчап калды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 3-февралда Өзгөн райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө иске ууланган келин балдары менен айылдык ооруканага түшкөндүгү тууралуу кабар түшкөн.

Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө маалым болгондой, 26 жаштагы К. кызы. Б., аттуу келин жана анын 4, 3, 1 жаштагы кыздары өздөрү жашаган үйүндө көмүрдүн исине ууланышкан.

«Келин айылдык ооруканага жеткирилип, кыздары чарчап калган. Окуя боюнча күбөлөр суралган. Чарчап калган жаш балдардын жакын туугандары арыз жазуудан жана соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан. Андыктан, жогорудагы окуя боюнча кылмыштын курамы аныкталбагандыктан кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 27-беренесинин 1-бөлүмүнүн 2-пункттун (жосунда кылмыш курамы болбогондо) негизинде кылмыш ишин козгоодон баш тартылган», — деп айтылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

611