7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзгөндө ок тийип каза болгондор соода сатык менен алектенген. Алгачкы версия

929

Бүгүн, 19-мартка караган түнкү саат 03:30да Өзгөн шаарынын Ленин көчөсүндө белгисиз жарандар унаада олтурган 3 адамга карата ок чыгарып, изин суутуп кеткен.

Натыйжада Өзгөн шаарындагы С. Негматов көчөсүнүн 31 жаштагы  тургуну М. Ш (31 жаш) өзүнө таандык болгон “Хонда-Инспайер” үлгүсүндөгү унаанын рулунда олтурган жеринен, унаанын артунда олтурган С.К. (21 жаш)экөө октон жарадар болуп, ооруканага жеткирилген. Бирок, таңга жетпей каза болуп калган.

Ал эми алар менен бирге, айдоочунун жанында олтурган А.А. окуя катталган жерден качып кетүүгө үлгүргөндугүн билдирген.

Ош ОИИБнин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, маркумдар соода сатык иштери менен алектенген. Окуянын келип чыгуусуна өз ара келишпестик себеп катары каралууда.

Учурда кылмыштын бетин ачуу боюнча Ош ОИИБдин жана Өзгөн РИИБдин кызматкерлеринен турган ыкчам- тергөө тобу түзүлүп тийиштүү иш алынып барылууда. Экспертиза дайындалып, сөөктү кароо жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

930