Бүгүн, 19-мартка караган түнкү саат 03:30да Өзгөн шаарынын Ленин көчөсүндө белгисиз жарандар унаада олтурган 3 адамга карата ок чыгарып, изин суутуп кеткен.
Натыйжада Өзгөн шаарындагы С. Негматов көчөсүнүн 31 жаштагы тургуну М. Ш (31 жаш) өзүнө таандык болгон “Хонда-Инспайер” үлгүсүндөгү унаанын рулунда олтурган жеринен, унаанын артунда олтурган С.К. (21 жаш)экөө октон жарадар болуп, ооруканага жеткирилген. Бирок, таңга жетпей каза болуп калган.
Ал эми алар менен бирге, айдоочунун жанында олтурган А.А. окуя катталган жерден качып кетүүгө үлгүргөндугүн билдирген.
Ош ОИИБнин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, маркумдар соода сатык иштери менен алектенген. Окуянын келип чыгуусуна өз ара келишпестик себеп катары каралууда.
Учурда кылмыштын бетин ачуу боюнча Ош ОИИБдин жана Өзгөн РИИБдин кызматкерлеринен турган ыкчам- тергөө тобу түзүлүп тийиштүү иш алынып барылууда. Экспертиза дайындалып, сөөктү кароо жүрүп жатат.