7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жүктөрдү ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча пилоттук долбоор ишке кирет

9
Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы жүктөрдү ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча пилоттук долбоор ишке кирет. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоор 2025-жылдын 1-декабрынан 2026-жылдын 15-январына чейин өтүп, анын алкагында навигациялык пломбалар бардык товар түрлөрүн автотранспорт менен ташууда ыктыярдуу жана акысыз негизде колдонулат.
Пломбалар төмөнкү багыттарда коюлат:
  • Кыргыз Республикасынан Казакстан Республикасына жана Россия Федерациясына жөнөтүлгөн жүктөрдө;\
  • Казакстан Республикасы жана Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына “Ак-Тилек-автожол” (Кыргыз Республикасы) жана «Карасу» (Казакстан Республикасы) өткөрүү пункттары аркылуу келген жүктөрдө.
Навигациялык пломбаларды коюу пункттары:
  • “Ак-Тилек-автожол” (Кыргыз Республикасы);
  • Казакстан – Россия чек арасындагы өткөрмө пункттар (жүрүш багыты боюнча);
  • «Карасу» (Казакстан Республикасы).
Навигациялык пломбаларды алуу пункттары:
  • Бишкек шаарындагы жеткирүү даректери (КРга импорттоодо);
  • Казакстан – Россия чек арасындагы өткөрмө пункттар (транзит учурунда);
  • Алматы шаарындагы жеткирүү даректери (Казакстанга импорттоодо).
Пилоттук долбоорго катышуу үчүн Бишкек шаарындагы салык каттоосу боюнча тиешелүү аймактык салык органдарына, ошондой эле Бишкек жана түндүк региондун ири салык төлөөчүлөрүн көзөмөлдөө боюнча Салык кызматынын башкармалыгына кайрылуу керек.
Белгилей кетсек, долбоор 2025-жылдын 22-августунда КРнын Салык кызматы менен Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин ортосунда түзүлгөн меморандумдун алкагында ишке ашырылууда.
Пилоттук долбоор навигациялык пломбаларды колдонуу механизмдерин иштеп чыгууга, товардын айлануусунун ачыктыгын жогорулатууга, көзөмөл жол-жоболорун тездетүүгө жана ЕАЭБдин алкагында жүктөрдү көзөмөлдөө системасын милдеттүү түрдө киргизүүгө базардын катышуучуларын даярдоого мүмкүндүк берет.
10