Социалдык тармактарда Жаңыбай Эргешов аттуу ноокаттык карыянын өз күчү менен көпүрө салып жаткан видеосу тарады.
“Быйыл жол оңдойбуз деп, көпүрөнү бузуп коюшту. Жаш балдар окууга баруу үчүн суудан өтө албай калып жатышат. Эки күндөн бери иштеп жатам. Өзүм жасап жатам, балдарым дагы талаада. Жамгыр, кар жаап жиберсе, ишти кыла албай калам. Айылдын балдары ушул жерден өтөт, ошол себептен жасап жатам. Өзүмдүн балдарым чет өлкөдө. Кар жааса бүтүрө албай калам, балдар өтө албай калат”,-деди аксакал.
Посмотреть эту публикацию в Instagram