Кытайлык Lonvi Biosciences долбоору жүзүмдүн данегинен дарыларды даярдап, адам өмүрүн 150 жашка чейин узартууга мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик жазды.
Шанхай окумуштууларынын изилдөөлөрүнө таянган долбоордо процианидин C1 (PCC1) жүзүм данегинен алынган зат чычкандардын жашоосун 9,4 %га узарткан. Ал эми дарылоону баштагандан кийин алардын өмүрү 64,2 %га узарган.
«150 жашка чейин жашоо чын эле мүмкүн. Бир нече жылдан кийин бул реалдуулукка айланат»,- дейт башкы техникалык директор Лю Цинхуа.
Буга чейин жүзүмдүн данеги Батышта узак убакыттан бери пайдалуу азык катары белгилүү, анын майы косметологияда, анын ичинде тери жашартууда колдонулуп келет.
2024-жылы Кытайда орточо жашоо узактыгы 79 жашка жетти, бул дүйнө боюнча орточо көрсөткүчтөн беш жылга көп.



