7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаңы «Акынжы» жана «Аксүнгүр» учкучсуз учуучу аппараттарды сыноодон өткөрүштү

165

Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында жаңы “Акынжы” жана “Аксүнгүр” учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу менен көрсөтмөлүү тактикалык-саптык машыгуулар өткөрүлдү. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Садыр Жапаровго «жер — аба», «аба – аба» ракеталары менен жабдылган жаңы «Акынжы» жана «Аксүнгүр» учкучсуз учуучу аппараттардын тактикалык-техникалык мүнөздөмөлөрү жана атышуу күчү көрсөтүлдү, алар аба максаттарына да, жер үстүндөгү объекттерге да сокку урууга жөндөмдүү, аларды талкалоонун тактыгы жарым метрге чейин жетет.
Учкучсуз учуучу аппараттарды күнү-түнү аскердик миссияларды аткарууга жөндөмдүү, оптикалык жана радио-локациялык байкоо үчүн жогорку технологиялык приборлор, ошондой эле лазердик максаттуу аспаптар менен жабдылган.

450 аттын күчүнө барабар АИ-450Т эки турбовинттүү кыймылдаткычы менен жабдылган “Акынжы” учкучсуз учуучу аппараты ыкчам стратегиялык абадан чалгындоо жүргүзүү, ошондой эле душмандын объектилерине авиациялык сокку уруу үчүн каралган. Максималдуу учуу ылдамдыгы 361 км/с жетет.
“Аксүнгүр” учкучсуз учуучу аппараты сокку уруучу аппарат катары визуалдык, радио-чалгындоо, кайгуулдоо үчүн дайындалган. Бул аппарат 170 аттын күчүнө барабар TEI PD170 эки турбовинттүү кыймылдаткычы менен жабдылып, 240 км/с крейсердик ылдамдыкта уча алат»,- деп айтылат малыматта.

Белгилей кетсек, 450 аттын күчүнө барабар АИ-450Т эки турбовинттүү кыймылдаткычы менен жабдылган «Акынжы» ыкчам стратегиялык абадан чалгындоо жүргүзүү, ошондой эле душмандын объектилерине авиациялык сокку уруу үчүн каралган. Максималдуу учуу ылдамдыгы саатына 361 чакырымга жетет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

166