7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаңы гимнди тандап алуу үчүн депутаттык комиссия түзүлдү

269

Жогорку Кеңеште мамлекеттик гимндин варианттарын тандап алуу үчүн депутаттык комиссия түзүлдү.

Депутаттык топтор комиссияга өз өкүлдөрүн дайындашты:

  • «Адилет Кыргызстан» – Нуржамал Төрөбекова;
  • «Ала-Тоо» – Бактыяр Калпаев;
  • «Мекенчил» – Венера Салямова;
  • «Элдик» – Улан Жаанбаев;
  • «Ата-Журт» – Камила Талиева.

Депутат Камила Талиева гимн үчүн сунушталган 900 варианттын ичинен үчөө гана тандалып алынганын, бирок алар да азырынча жактырыла электигин белгиледи.

«Бул маселени коомдук талкууга алып чыгуу зарыл. Маселе абдан олуттуу. Жогорку Кеңештин алдында татаал милдет турат», — деп баса белгиледи ал.

Комиссиянын иши 2026-жылдын 1-июнуна чейин уланат.

270