Индиядагы Одиши штатында 17 жаштагы адам үйлөнүү үлпөт тоюнан бир ай өткөндөн кийин аялын сатып, акчасына смартфон сатып алган. Бирок, бул окуя тууралуу милиция билип калып, эми ал колонияда отуруп чыгуу коркунучунда турат.
Маалыматка ылайык, окуя август айында орун алган. Ал өзүнүн 26 жаштагы аялын 55 жаштагы кишиге сатып жиберген.
Аял 180 миң рупийге бааланган. Аялын заводдо иштейбиз деп алып кеткен. Айылга кайтып келгенден кийин аялдын ата-энеси кызы тууралуу сураганда ал аны таштап кеткенин айткан.
Полиция бул тууралуу билип калып аялды кайтарууга барганда айыл тургундары анын сатып алынганын айтып, коё бербей коюшкан.
Учурда анын 17 жаштагы күйөөсү колонияга отургузулары айтылды.