7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаңы мэр Айбек Жунушалиев алгачкы чет өлкөлүк иш сапарын Түркиядан баштады

547

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 2021-жылдын 9-11-сентябрына чейин Измир шаарында (Түркия) өтүп жаткан «Бириккен шаарлар жана жергиликтүү бийликтер» бүткүл дүйнөлүк уюму тарабынан уюштурулган маданий саммитине катышты. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын алкагында Жунушалиев Түркиянын Измир шаарынын мэри Тунч Сойер менен жолукту.

Тараптар шаар аралык кызматташтыкты тереңдетүү зарылдыгын жана маданий -гуманитардык өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Айбек Жунушалиев Измирге чакыруу үчүн ыраазычылыгын билдирип, Измир менен биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгууга жана тажрыйба алмашууга кубанычта экендигин билдирди.

Белгилей кетсек, уюштуруучу Бүткүл дүйнөлүк «Бириккен шаарлар жана жергиликтүү бийликтер» уюму иш-чаранын катышуучуларын жайгаштыруу боюнча бардык чыгымдарды өзүнө алган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

548