«Жаңы Ош базарында соода борборлорундагыдай заманбап шарттар түзүлөт»
17
Жаңы Ош базарында соода борборлорундагыдай заманбап шарттар түзүлөт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков соцтармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, 2026-жылга ачыла турган ири курулуштардын бири – “Ош базары”.
«Азыркы базардын абалын билесиздер, шарты жок, иретсиз, кышында суукта, жайкысын ысыкта соода жүргүзүшөт. Эң башкысы шаарды тыгынга учуратып, көркүн дагы бузат. Буюрса, май айында жаңы “Ош базарынын” курулушу бүтүп, ал жакка жаңы жол курулат. Базар деп аталганы менен, заманбап соода борборлорундай шарты болот. Жабык, кышында жылуу, жайында салкын. Ичи азык-түлүк, кийимдер, жашылчалар, мөмө-жемиштер ж.б болуп бөлүнөт. Азыркы базардагыдай чаң кечип, ылай тебелеп жүрбөйсүздөр. Буюрса, базарлар эле эмес – мамлекетибиз дагы иреттелип, бутуна туруп келе жатат»,- деди ал.