7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаңы жыл күнү Жалал-Абадды 1000ден ашуу милиция кызматкери көзөмөлдөйт

865

Бүгүн, 27-декабрда Жалал-Абад шаарынын борбордук Эркиндик аянтында 2022-жаңы жылга карата гарнизондук саптык кароо өткөрүлдү. Анын алкагында ички иштер органдарында үлгүлүү кызмат өтөгөн кызматкерлер, эл аралык жана республикалык деңгээлдеги спорттук мелдештерде ийгиликке жеткендер сыйланышты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сѳз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев сөз сүйлөп, милиция кызматкерлеринин жоопкерчиликтүү кызматтарында ийгиликтер болуусун, өлкөбүздө тынчтык өкүм сүрүп, мамлекетибиздин өнүгүп өсүүсүн каалады.

Андан соң Жалал-Абад ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Ашим Тагаев жалпы өздүк курамды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, майрам күндөрү белгиленген графиктин алкагында ар бир кызматкерди ак ниеттүүлүк менен ишенимдүү кызмат өтөөгө чакырды.

Жаңы жылга карата облустук милиция 28-декабрдан тартып 1-январга чейин күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Облус аймагында коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун жалпы 1000ден ашуун милиция кызматкери жана 500дөн ашуун элдик кошуун көзөмөлдөйт.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

866