Баткенде жүктөрдү аткезчилик жол менен алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, кечээ 26-декабрда Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Ак-Сарай жерлигинде кызмат өтөө учурунда 1995-жылы туулган кыргызстандык У.А. атуу жарандын башкаруусунда Мерседец-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү автоунаасын кармашкан.
Транспорт каражатын текшерүү учурунда 20 рулон тигүү үчүн кездеме материалдары аныкталган жана бул жүктөргө айдоочуда тиешелүү документтери болгон эмес.
Алдын-ала маалыматтарга караганда жүктү Тажикистандын аймагына алып өтүшмөкчү болгон.
Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.