7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акылбек Жапаров май айынан бери кандай иштерди аткарууга жетишти? Отчет

482

Президенттин төрагалыгы астында өткөн Министрлер Кабинетинин жыйынтык кеңешмесинде Акылбек Жапаров отчет берди.

Министрлер Кабинетинин төрагасы өз отчетунда белгилегендей, 2020-жылдын май айында Президент Министрлер Кабинетинин ишиндеги артыкчылыктуу багыт катары: экономиканы өнүктүрүү, бизнес-чөйрө үчүн жагымдуу шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, аймактарды, ошондой эле аз камсыздалган үй-бүлөлөрдү жана балдарды колдоого алууну аныктаган.

«Кыска мөөнөттө белгилүү натыйжаларга жетише алдык, анткени 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча республиканын ИДП –8,6% түзгөн. ИДПнын төмөндөшү март айынан баштап токтоду. Бүгүнкү күндө 2021-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча ИДПнын реалдуу өсүшү 2,4%ды түздү», — деди ал.

Акылбек Жапаров кошумчалагандай, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна 1,9 млрд сом өлчөмүндө кошумча колдоо бөлүнгөн.

«2021-жылдын сугат мезгили бизге жакшы сабак болду. Ирригациялык системаларды оңдоого 100 миллион сом бөлүнгөн. Мындан ары жайкы мезгилге даярдык кышкысын башталат. Күз-кыш мезгилине карата даярдыкка да ушундай эле мамиле талап кылынат. Күзгө чейин келерки жылытуу мезгилине карай бардык даярдыктар жыйынтыкталат. Көмүр менен камсыз кылуу боюнча быйыл түзүлгөн кырдаалга келечекте жол берилбейт», — деп белгиледи Акылбек Жапаров.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

483