7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаңы жылдык майрамга карата ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипте иштейт

858

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ички иштер органдарынын гарнизондук саптык кароосуна катышты. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев, Ички иштер министри Улан Ниязбеков, ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери катышты.

Акылбек Жапаров белгилегендей, алдыдагы жаңы жылдык майрамдарга байланыштуу ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипте иштөө режимине өтүүдө.

«Өлкөнүн калкы жаңы жылдык майрам күндөрү коопсуздугу ишенимдүү колдо экендигин сезүүсү керек»,- деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, саптык кароо-инструктажы Бишкекте, ошондой эле республиканын бардык аймактарында күч түзүмдөрүнүн бөлүктөрүнүн кызмат өтөөгө даярдыгын текшерүү, жаңы жылдык майрамдарда коомдук тартипти камсыз кылуу максатында өткөрүлүүдө.

 

 

 

Ошондой эле гарнизондук саптык кароо учурунда экологиялык жана туристтик милициянын техникасы жана транспорту текшерилди.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

859