7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаңы жылга чейин жасала турган 10 кадам

450

Жаңы жылга аз гана убакыттар калды.  Эски жылдагы бардык көйгөйлөрдү чечүүгө, жаңы жылга карата жашообуздун бардык тармагында тартипке салууга, бардык идеяларды ишке ашырууга жана алдыдагы айлардын графигин пландаштырууга убакыт келди.

2023-жылга карата жөнөкөй бирок, пайда алып келүүчү 10 тизмени сунуштайбыз.

1. Жылдын аягында бардык карыздарды жабууну салтка айлантыңыз. Анткени, карыздан алыс болуу тынчсыздануудан куткарат жана жаңы жылга карата карыз албастан өзүңүз көп киреше тапканга үйрөнө баштайсыз.

2. Үйдөгү керектүү эмес буюмдарды жок кылыңыз. Анткени, эски буюмдарды ыргытуу менен жаңы нерселер пайда боло баштайт. Үйдү кооздоп жана жаңы жылдык балатыны орноштуруп, үйдү жасалгалоону унутпаңыз! Бул сизге жана үй-бүлөңүзгө жакшы маанай тартуулайт. Мындан тышкары, психологдор ар дайым жаңы жашоо баштаардан мурун алгач тазалыккка көңүл бурулушу керектигин белгилеп келишет.

3. Жакындарыңызга белек сатып алуу же болбосо өз колуңуз менен жасап берүү. Белек алып кубанган бул башка нерсе, бирок, белек берүү менен башканы кубанткан бул өзгөчө сезимдер менен коштолот эмеспи. Ал эми белек берүүдө ал кымбат болобу же арзан болобу ал маанилүү эмес. Анткени, арзан болсо дагы чын жүрөк менен берилген нерсе бул көңүлдү гүлдөтөт.

4. Майрамдык дасторконго эмне тамак жасайм деги эле кантип кооздо керек деген ой ар бир айымда болот эмеспи. Көптөгөн үй-бүлөлөр жаңы жылда өтө көп нерсе жасап алып, 2-3 күн муздаткычта калып эскирип дагы кетет. Андыктан, үй-бүлөңүзгө жаккан гана тамактарды жасап, дасторконду чыгармачылыгыңыз менен кооздого өтүңүз. Албетте, алгач баарын пландап, тизмени түзүп алганыңыз оң.

5. Буга чейин күндөлүк колдонуп, максат-пландарыңызды жаздыңыз беле? Эгерде сиз эч качан күндөлүк колдонбосоңуз бул сиз үчүн жакшы кеңеш. Жыл жыйынтыгын чыгарып, келечекте койгон жаңы максаттарыңыз, пландарыңыз тууралуу сөзсүз жазып баштаңыз. Анткени, жазылган нерсе гана иш-жүзүнө ашат. Эң маанилүүсү жашооңузду ирээтке келтиресиз.

6. Эс алууну унутпаңыз. Антктени, эс алуу менен адам энергия топтойт дагы жаңы идеялар пайда боло баштайт. Кышкы эс алууңуз көңүлдүү өтүш үчүн азыртадан пландаштырууга аракет кылыңыз. Кандай эс алуу сизге эң ылайыктуу экенин ойлонуп көрүңүз. Мисалы, сиз досторуңуз, санаалаштарыңыз менен эс алууну жакшы көрсөңүз, анда кышкы оюн-зооктор үчүн ылайыктуу болуп саналган коньки, лыжа, сноуборд тебүү үчүн тоого жөнөп кеткениңиз туура. Же үйдө китеп окуп, пайдалуу кинолорду көрүү дагы тынч эс алууңүзга көмөктөшөт.

7. Акчаны туура пайдалануу.  Жаңы жыл менен акчаны үнөмдөп пайдаланууга өтүңүз. Жөн эле керексиз нерселер үчүн чача берүү менен сиз кыялданган нерсеге жетүү кыйыныраак болот.

8. Өзүңдү ар тараптан өнүктүрүүгө кадам таштоо. Алсак, жаңы тил үйрөнүү, курстарга баруу, споррт менен машыгуу, китеп окуу жана башка…

9. Жаңы жылга чейин бардык терс ойлордон арылып, таарынышып жүргөн адамдарды кечирүү керек. Кимди таарынтып же кимге таарынып жүрсөңүз сиз алгач кечирим суроого өтүңүз. Кечирүү менен жан дүйнөңүз тынч алып, жашооңуз кадимкидей оңоло баштайт.

10. Жаңы жылга чейин өзүңүзгө жакшы бир адат кылып алыңыз. Мисалы, жакын адамдарыңызга ар дайым жакшы маанай тартулоону адатка айлантып, комплимент айтканды унутпаңыз.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

451