Жайыл-Панфилов «Унаа» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мурда, УКМКга К.И.А. аттуу кыргыз жараны, автотранспортту кайра жабдууда уруксаат кагаздарын берүү үчүн акча талап кылган «Унаа» ММ кызматкерине чара көрүлүүсү тууралуу арызы менен кайрылган.
Ушул жылдын 9-ноябрында Кара-Балта шаарында Жайыл-Панфилов «Унаа» мамлекеттик мекемесинин адиси Т.К.О. акча каражатын талап кылып алып жаткан учурунда кармалды.
Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында, ошол эле күнү ИИМдин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин кызматкери кармалды.
Кармалган жаран УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, анын ичинде «Унаа» ММ кызматкери тарабынан акча талап кылуунун башка мүмкүн болгон фактыларын аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.