7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жайыл районунда 2 айда бүткөн футбол аянтчасынын ачылышы болду

113

Бүгүн, 2025-жылдын 13-ноябрында УКМК Төрагасы генерал-полковник К.Ташиевдин таршырмасынын негизинде Чүй облусунун Жайыл районунун Малтабар айылынын Абдирашит Бердибаев атындагы жалпы билим берүү мектеби үчүн курулган жаңы кичи футбол аянтчасынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чарага Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Имамназар Бурканов, Кыргыз футбол биримдигинин биринчи вице-президенти Нурдин Букуев, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Аскердик медициналык кызматтын башчысы полковник Назира Жанакеева, Малтабар айылынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана айылдын тургандары катышты.
Буга чейин аталган айылдын тургундары генерал-полковник К.Ташиевден жаштар үчүн спорт аянтчасын курууга көмөк көрсөтүүнү суранышып кат жолдошкон. Мындан улам, УКМК Төрагасы Малтабар айылына заманбап футбол аянтчасын тез арада куруу тапшырмасын берген.

Жыйынтыгында 2 ай аралыгында курулуш иштери жыйынтыкталып, фубол аянтчасына жасалма газон төшөлүп, жарыктандыргыч орнотулган. Ошондой эле айлана-чети көрктөндүрүлгөн.

Өз кезегинде Малтабар айылынын тургундары УКМК Төрагасы К.Ташиевге көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

114