Жайыл районунда бир нече кылмышка катыштыгы бар мал уурулар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 20-февраль күнү Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылып, белгисиз бирөөлөр анын сарайынан эки баш малын уурдап кеткенин билдирген. Келтирилгнен материалдык чыгым 180 миң сомду түзгөн. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикаксынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
«Чүй облусунун ИИББдүн жана Жайыл РИИБдүн криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы мал уурулугуна шектелип, эки жаран кармалышты. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү иштеринин негизинде кармалган жарандар 2020-жылы Жайыл районунун аймагынан мал уурулугуна байланштуу үч фактыга тиешеси бар экендиги аныкталган. Келтирилген материалдык чыгым 680 миң сомду түзгөн.
Кармалган 21 жаштагы Д.Р. жана 20 жаштагы О.А. аттуу жарандар Жайыл РИИБдүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынышты», — деп берилет маалыматта.
Белгилеп кетүүчү жагдай кармалгандардын бири О.А. буга чейин уурулук фактысына байланыштуу сот жообуна тартылып, шарттуу түрдө жазасын өтөгөн.