Жайыл районунда мал уурдоого шектелип 25 жаштагы тургун кармалып, уй ээсине кайтарылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жергиликтүү тургун 66 жаштагы А.Б., Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө кайрылып, ушул жылдын 13-сентябрында үйдүн короосундагы сарайдан мал уурдаган белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган.
Бул факты Жайыл районунун РИИБнин КЖБР катталып КРн Кылмыш-жаза кодексинин 200 (Уурдоо) фактысы менен иш козголгон. Келтирилген зыяндын суммасы 70 миң сомду түздү. Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө Чүй ОИИБнын Криминалдык милиция кызматкерлери жана Жайыл РИИБнин кызматкерлери менен биргеликте бул кылмышка шектүү катары 25 жаштагы М.Н аттуу жергиликтүү тургунду аныктап, кармашты.
Уурдалган мал ээсине кайтарылды. Учурда милиция кызматкерлери жогорудагы адамды башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар, же жогун текшерип жатышат. Тергөө иштери уланууда.