Жайыл районунда турак үй менен бастырманын чатырлары күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 25-май күнү Жайыл районун, Алексеевка айылынын Пограничный көчөсүндө турак үйдөн өрт чыккандыгы туралуу маалымат түшкөн. Өрт саат 12:50 чектөөгө алынган жана 15:21 өрт толугу менен өчүрүлгөн.
Кырсыктын кесепетинен турак үйдүн жана бастырманын 270 ч.м. чатырлары күйгөн, өрттүн келип чыгуу себеби учурда такталууда.